Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 68 адам жаңы катталды


COVID-19.
COVID-19.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда 29-майда вирус аныкталган 68 кишинин көпчүлүгү Орусиядан келгендер.

Алардын ичинен:
Ош шаарында - эки адам.
Нарын облусунда - төрт;
Бишкекте - 9+26 (Орусиядан келген курсанттар);
Чүй облусунда - беш;
Баткенде - бир киши.

Мындан тышкары Орусиядан келгендерден акыркы бир суткада дагы 21 адамдан коронавирус табылды. Алардын арасында 11и кош бойлуу аялдар.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 22 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 29-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1662 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1088 бейтап айыгып кетти.

29-майга карата өлкөдөгү стационарларда 558 бейтап бар. Алардын ичинен 10 бейтап оор абалда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG