Ош шаардык төрөт үйүндө обсервацияга алынгандар толук шарты бар клиникаларга которулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады. Маалыматка ылайык, алардын баары 28-май күнү кечке жуук которулду.
28-майда Оштогу шаардык төрөт үйүндөгү 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркай, 14ү жаңы төрөгөн энелер, калганы медицина кызматкерлери.
28-май күнү төрөт үйүндөгү энелер шарттын жоктугуна нааразы болуп, үйүнө жиберүүнү талап кылышкан.
Бул төрөт үйүнөн 13-майда алгач коронавирус аныкталып, карантинге жабылган. Кийинчерээк обсервацияга айландырылып, сырттан киши кабыл алуу токтотулган. (ZKo)