Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

УКМК кызматкери жана вице-мэр катышты деген мушташ боюнча териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери менен Бишкектин вице-мэри катышты деген окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди. Буга чейин вице-мэр Алмаз Бакетаев чыр боюнча маалымат берген.

Анда Бакетаев маалымат булактарында туура эмес кабар тарап, өз дарегине көлөкө түшкөнүн айткан.

Шаршембиде баш калаанын Чыңгыз Молдокеев аттуу тургуну 26-майда үйүнө кире бериш жерде УКМКнын кызматкери деген Чыңгыз Айманбаев, вице-мэр Алмаз Бакетаев жана дагы бир киши биригип сабап кетишкенин айтып чыккан.

«Күндүз тестиер балдарымды Молдокеевдин баласы уруп койгон экен. Жубайым аларды мындай кылбай жүрүшү керек экенин айтып, урушуп койгон», - деген Молдокеев ошол күнү кечинде жумуштан кайтканда УКМКнын кызматкери деген адам, анын дагы бир тууганы жана вице-мэр өзүн подъезддин алдынан тосуп алып сабап киришкенин, натыйжада жаракат менен Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна жатканын билдирген.

УКМКдан Чыңгыз Айманбаев боюнча маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Вице-мэр Алмаз Бакетаев жогоруда айтылгандарды четке кагып жатат.

«Маалымат каражаттарында мен тууралуу текшерилбеген маалымат чыгып кетти. Ал жерде менин эшигиме жакын жерде мушташып жаткандарды ажыратып эле койгом. Мен биринчи кабатта жашайм. Молдокеевди урган эмесмин», - деди вице-мэр.

Жабырлануучу сөз кылган Чыңгыз Айманбаев 2016-жылы Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдикерим Гапаровдун өлүмү боюнча айыпталып, кийин акталган УКМК кызматкеринин бири экени айтылууда.

2016-жылы февралда Медициналык академиянын ошол кездеги аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров «пара алып жаткан жеринен кармалып, жүрөгү кармап каза болгону» айтылган. Маркумдун жакындары прокуратурага кайрылып, үч кызматкерге «кызмат абалынан аша чапкан жана адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, өлүмгө жеткирген» деген айып коюлган. Сот аларды 2017-жылы актаган. (NT)

XS
SM
MD
LG