Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

«Ата Мекен» кесиптик билим берүү тармагын реформалоону талап кылды


«Ата Мекен» партиясынын желеги.
«Ата Мекен» партиясынын желеги.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы 29-майдагы жыйынында кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулады.

Жыйында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова баяндама жасады. Анын айтымында, бул тармакка бюджеттен жылына бир миллиард 250 миллион сом бөлүнөт. Иликтөөлөр бүтүрүүчүлөрдүн 96 пайызы иш менен камсыз болорун көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Талкууда депутат Бахадыр Сулейманов өкмөттү кесиптик билим берүү тармагы үчүн атайын программа иштеп чыгууга чакырды. Депутат Каныбек Иманалиев бул тармактагы иштерди жетишсиз деп баалады.

«Эмгек мигранттары барган өлкөлөрдө кайсы кесипке муктаждык бар экенин аныктап, ошого жараша билим берүү зарыл. Айрыкча азыр туризм, инженерия, IT технология жаатында адистерге биз эмес, дүйнө да абдан муктаж», - деди Иманалиев.

Жыйында фракция кесиптик билим берүү тармагында олуттуу реформаларды жасоо зарыл деген чечимге келип, өкмөткө сунуштарды берди.

Ушу тушта Кыргызстанда 100 кесиптик лицей бар, алар 85 адистик боюнча билим берет. (NT)

XS
SM
MD
LG