«Боинг» компаниясы жүргүнчү ташуучу «737 MAX» учактарын жасоону кайра жандантты. «737 MAX» топтомундагы учактын 2016-жылы чыгарылган үлгүсү 2018-жылы октябрда Индонезияда, 2019-жылы мартта Эфиопияда кулап, 346 киши каза болгон. Ошондон кийин убактылуу өндүрүштөн алынган эле.
Апрелде компания кардарларына «737 MAX» учактарын жеткирүүнү үчүнчү кварталда, көзөмөл органдарынан уруксат алгандан кийин баштай турганын билдирген. Буга чейин «Reuters» агенттиги бул үлгүдөгү учактардын учушуна августтан кийин гана уруксат берилерин кабарлаган.
Удаа болгон кырсыктарга байланыштуу «737 MAX» учактарына дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде АКШда 19-жылы мартта мораторий киргизилген.
Бул окуяларга байланыштуу «Boeing» 2019-жылы жалпысынан тогуз миллиард доллар чыгымга учураган.
Ал ортодо коронавирус пандемиясынан улам авиакаттамдарга, натыйжада учакка суроо-талап азайып кеткендиктен, компания кызматкерлерин 10% азайтууга ниеттенүүдө.