Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Президент Жээнбеков: Биздин армия — өлкөбүздүн ишенимдүү тиреги


Президент Сооронбай Жээнбеков жоокерлер менен чогуу түштөнүүдө. 2018-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков жоокерлер менен чогуу түштөнүүдө. 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 29-май - Куралдуу күчтөрдүн күнү. Буга байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аскер кызматкерлерин куттуктады. Президент өз куттуктоосунда: «Биздин армиябыз - өлкөбүздүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн сактоодо жана жарандарыбызды коргоодо мамлекеттин ишенимдүү тиреги» деп белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн материалдык-техникалык жабдуу, заманбап аскер техникасы жана куралдар менен камсыз кылуу жакшырып жатканын айтып кеткен.

Өлкө башчы ошондой эле аскердик башкаруу системасы жана Куралдуу күчтөрдүн өз ара иш-аракеттери өркүндөтүлүп жатканына токтолгон. «Аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары улантылууда. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аталарыбыздын даңктуу жолун жана аны уланткандарды терең таазим менен эстейбиз. Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз» деген президент, аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик каалаган.

Эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы, 29-майда президент Аскар Акаевдин буйругу менен негизделген. 1993-жылы Коргоо министрлиги болуп түзүлгөн.

Кыргыз армиясы 1999-2000-жылдары «Өзбекстан ислам кыймылынын» согушкерлери менен күрөшүүдө каармандык көрсөткөн.

2014-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен өлкөнүн Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы, Улуттук гвардия жана ички аскерлер бириктирилип, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы болуп түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG