Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 бүтүрүүчү катталды


Бүтүрүүчүлөр. Иллюстрациялык сүрөт.

2019-2020-окуу жылын жыйынтыктоочу жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталган бүтүрүүчүлөрдүн саны 41 727ни түздү. ЖРТга катталууга үлгүрбөй калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, катталууга жетишпеген бүтүрүүчүлөр 20-июнда же 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин тест борборуна кайрылышы керек.

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 21-25-июнь күндөрү өтөт. Жыйынтыктарды жарыялоо жана таратуу 13-июлдан 19-июлга чейин жүрөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында быйыл Кыргызстанда 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынак тапшырбайт. Билим берүү жана илим министринин буйругуна ылайык, бүтүрүүчүлөргө тиешелүү сабактар боюнча баалары жыл ичиндеги жалпы жетишкендиктеринин, анын ичинде текшерүү иштеринин, чейректик, жарым жылдык бааларынын негизинде коюлат. Аны министрлик иштеп чыккан жобого ылайык түзүлгөн предметтик комиссиялар ишке ашырат.

Бүтүрүүчүлөргө предметтик бааларды коюу жараяны 2-июндан 13-июнга чейин уланат. Бааларга канааттанбаган бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Быйыл Кыргызстандагы мектептерде 11-классты 58 730 улан-кыз бүтүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG