Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Өкмөт Абылгазиевдин билими тууралуу сынга жооп берди


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев коомчулукта талкууланып жаткан билдирүүгө жооп берди. Ал активист Айбек Хакимов менен катар эле өкмөт башчы 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаганы ырас экенин айтты:

«Экөө чынында бир жылда бүткөн. Бирок Абылгазиев магистратурада, Хакимов бакалавриатта окуган. Алар эки башка имаратта жана эки бөлөк убакытта билим алышкан».

Буга чейин активист Айбек Хакимов «Фейсбуктагы» баракчасына премьер-министрдин өмүр баянында күмөндүү маалыматтар бар экенин жазып чыккан.

Активисттин «премьер-министр 1997-жылы Кыргызстан эл аралык уиниверситетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган деп турат. 1993-жылы ачылган окуу жайы 1997-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрдү чыгарган. Мен 60 cтуденттин арасында элем. Староста болгондуктан, факультеттеги студенттердин баарын тааныйм. Алардын арасында Абылгазиев жок болчу. Бир нече курсташымдан сурасам да, аны эч ким эстей албады. Сырттан окуу бөлүмү жок эле.Абылгазиев дипломду кантип алды экен? Бирок, таң калып деле кереги жок, биздин мамлекетте баары болушу мүмкүн» деген билдирүүсү кызуу талкуулана баштаган.

52 жаштагы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр баянында ал 1994-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаганы жазылган. (NT)

XS
SM
MD
LG