Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

Боронов: коронавирустун бар экенин тануу - жоопкерсиздик


Бишкектеги соода борборунун бирине келгендерди текшерүү учуру. 26-май, 2020-жыл.

COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-майдагы жыйынында калк арасында «коронавирус инфекциясы жок, ал адамдардын жашоосуна жана саламаттыгына коркунуч келтирбейт» деген пикирлер жайылып жатканы талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «вирус жок» деген туура эмес экенин айтты.

«Коронавирус бар, бул дүйнөлүк пандемия. Вирус өлкөдө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды азайтуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу. Коронавирус бар экендигин тануу бул жоопкерсиздик», - деди ал.

Штабдын жыйынында айтылган маалыматка караганда, Бишкекте коронавирус жуккандар көп чыгып жатканына байланыштуу оорунун белгилеринин бар-жогу тууралуу жашоочуларды кыдырып, сурамжылоо иштери уланып жатат.

Республикалык штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо дарыгерлерге кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырды. Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режимин жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын катуу сактоого үндөдү.

29-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1662 адамдан табылды.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG