Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Өкмөт: кыргыз-өзбек чек арасынын 95%, кыргыз-тажик чек арасынын 60% макулдашылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай аймагынын Көк-Таш айылы. 9-май, 2020-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай аймагынын Көк-Таш айылы. 9-май, 2020-жыл.

Кыргызстандын өкмөтү 29-майда Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо иштери тууралуу маалымат берди.

Кабарга караганда, ушу тушта эки мамлекет менен чек араларды делимитациялоо боюнча иштер уланып жатат.

Ушул кезге чейин өкмөттүк делегациялар кыргыз-өзбек чек арасынын 95%, кыргыз-тажик чек арасынын 60% өз ара макулдашты.

2020-жылдын башында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки жолугушуу болду. Биринчиси 21-25-январда Бишкек шаарында жумушчу топтордун деңгээлинде өткөн. Экинчиси 21-22-февралда Баткен шаарында өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде болгон. COVID-19 пандемиясынан улам жаңы жолугушуулар өткөрүлө элек.

Ал эми Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында объектилерди куруудан жана жер пайдалануудан улам чыккан талаш-тартыштар, андан кийинки чыңалуу боюнча жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

«Кыргыз өкмөтү Баткенде автожолдун курулушун бүткөрүү, чек араны кайтарууну күчөтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүүдө», деп жазылган маалыматта.

Жалпысынан чек арадагы өзгөчө статусу бар аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи баскычы ишке ашырылып жатканы айтылды. Маалыматка караганда, программа 33 иш-чараны камтыйт, аларды жүзөгө ашырууга 296 миллион 250 миң сом каралган. Анын 195 миллиону Баткен облусундагы өзгөчө статусу бар аймактарды өнүктүрүүгө багытталат. (NT)

XS
SM
MD
LG