Москвада полиция белгилүү орусиялык журналист Илья Азардын камалышына каршы жума күнү нааразылык акциясына чыккан 32 адамды кармаганын көз каранды эмес байкоочулар кабарлашты. Арасында Мамлекеттик Думанын депутаты, бир нече жергиликтүү депутат да бар.
Полиция 20 адам кармалганын, алардын арасында бирөө өспүрүм экенин маалымдады. Ал эми Санкт-Петербург шаарында сегиз активист кармалганын, көбү кайра кое берилгенин билдирди.
Москванын жергиликтүү депутаты, “Новая газета” эркин басылмасынын кабарчысы, 35 жаштагы Азар протест тууралуу мыйзамды бузганы үчүн деген негизде 26-майда 15 суткага камалган болчу. Ал күч органдарындагы мыйзам бузуу тууралуу айтып чыккан активисттин камалышына каршы пикирин билдирип, ошол күнү өзү жалгыз пикетке чыккан.
Полиция коронавирус эпидемиясына байланыштуу карантин эрежелеринен улам Москвада кандайдыр бир иш-чара уюштурууга уруксат жок экенин билдирген. (RK)