Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Бишкек: Цехте иштеген бир адам 24 кесиптешине вирус жуктурганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте цехте эмгектенген бир адам кыска убакыт ичинде өзү менен чогуу иштеген 24 адамга коронавирус инфекциясын жуктурган.

Бул тууралуу 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканага түшкөн бир бейтап ким менен контакт болгону изилденип, 60 адамдын анализи алынган. Жыйынтыгында ошол цехте иштеген 24 адам бул илдетке чалдыкканы аныкталган.

Нурболот Үөнбаев белгилегендей, ал бейтап "оорунун жеңил клиникалык формаларына" карабастан жумушуна барып жүргөн.

Цехте иштегендерди текшергенче 24 адамдын бири "ооруну өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузууга жетишкен" деди адис.

30-майга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 60 адамдан табылды.

Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан аныкталды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG