Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу башталды


ММУнун Оштогу филиалынын макети.
ММУнун Оштогу филиалынын макети.

Ош шаарында Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) филиалынын курулушу башталды. Бул тууралуу 30-майда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, курулушту баштоо салтанатына Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Мааламытта “Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу жүргүзүлөт. Кыргызстанда ММУнун филиалын ачуу тууралуу макулдашуу жазында Бишкекте эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда кабыл алынган” деп айтылат.

Орусиянын эң байыркы жана ири жогорку окуу жайы - Москва мамлекеттик университети 1755-жылы негизделген. Университеттин 40тан ашуун факультети, ондогон институттары, борборлору, филиалдары бар. (RK)

XS
SM
MD
LG