Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

АКШда SpaceX космоско киши учурду (видео)


“Крю Дрэгон” космос кемесиндеги астронавттар Роберт Бенкен менен Даглас Хёрли, 27-май, 2020
“Крю Дрэгон” космос кемесиндеги астронавттар Роберт Бенкен менен Даглас Хёрли, 27-май, 2020

Илон Масктын SpaceX корпорациясы “Крю Дрэгон” кемесин эки астронавт менен космоско учурду. "Falcon 9" ракетасына орнотулган "Крю Дрэгон" кемесинин бортунда 49 жаштагы Роберт Бенкен жана 53 жаштагы Даглас Хёрли Флориданын Канаверал кысыгындагы космодромдон сапар алышты. Болжол менен 19 сааттан кийин астронавттар Эл аралык космос станциясына жетишет.

Хёрли менен Бенкен Эл аралык космос станциясында 30 суткадан 119 суткага чейин болууну пландашкан. Экспедициянын так мөөнөтү жакында билинет.

27-майда аба ырайынын начардыгынан “Крю Дрэгон” учпай калган.

2011-жылы "Space Shutlle" программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан Эл аралык космос станциясына экипаж учурулган эмес. Соңку тогуз жыл бою америкалыктар Орусиянын "Союз" ракеталарынын бортунда учушкан.

17-апрелде АКШнын космостук агенттигинин (NASА) директору Жим Брайденстайн "NASA Американын аймагынан америкалык ракета менен америкалык астронавттарды учурат",- деп "Твиттерге" жазды.

Азыр Эл аралык космос станциясында бир америкалык, эки орусиялык космонавт бар. Бул окуя дүйнөлүк космонавтика үчүн өтө мааниге ээ. Адамзат тарыхында биринчи жолу жеке ишкердин компаниясы чыгарган техника менен адам космоско учту.

XS
SM
MD
LG