Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Бир суткада коронавирус дагы 26 адамдан табылды, 57 бейтап айыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавируска 2276 анализ жүргүзүлүп, алардын 26сынан вирус табылды. Бул тууралуу 31-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 12си Нарын облусунда, жетөө Бишкек шаарында. Чүй облусунда жана Ош шаарында үчтөн адам, Ош облусунда бирөө.

Бир суткада 57 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1748 адамдын анализинен табылды, алардын 16сы кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 1170 киши.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG