Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:09

Иранда мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилди


Иран. Иллюстрациялык сүрөт.
Иран. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилди. Өлкө президенти Хасан Роухани кээ бир райондордо коронавирус инфекциясы боюнча көрсөткүчтөр дагы эле жогору болуп жатканына карабастан бардык мечиттер эшигин ачып, иштей баштарын 30-майда айтты.

Өлкө аймагында мындан башка да чектөөлөр алынууда. Соода борборлорунун иштөө мөөнөтү узартылып жатат. Карантин учурунда алар кечки саат алтыга чейин эле иштеп жатты.

Иранда, расмий статистикалык маалыматка караганда, коронавирустан 7 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Дагы 2 миңдей бейтап оор абалда ооруканада жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG