“Ислам мамлекети” (IS) экстремисттик тобу Ооганстанда жергиликтүү телеканалдын журналисти менен техникалык кызматкери каза тапкан жардыруу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Бомба 30-майда чак түштө Кабул шаарында жарылып, дагы кеминде жети адам жараат алган.
“Хуршид” менчик телеканалынын жетекчилиги «Биздин кесиптештерибиз – экономика маселелери боюнча кабарчы Мир Вахед Шах жана техникалык бөлүмдүн кызматкери Шафик Амири бул кол салуудан мүрт кетишти» деп билдирди.
Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана НАТО уюму бул кол салууну айыпташты.
Ооганстан дүйнөдө журналисттер үчүн эң кооптуу деп эсептелген өлкөлөрдүн бири. Быйыл январь айында Ооганстандын Журналисттердин коопсуздугу боюнча комитети 2019-жылы беш кабарчынын өмүрү кыйылганын жарыялаган. (RK)