Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Сауд Арабиясы Меккеден башка бардык шаарлардын мечиттерин ачты


Мекке.
Мекке.

Сауд Арабиясында эки айдан бери жабык турган миңдеген мечиттер кайра ачылды. Бийлик коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында санитардык эрежелер так сакталышы керектигин эскертти.

Жалпысынан 90 миңге жакын мечит, ичиндеги жайнамаздар, ыйык китептер, даарат алынуучу бөлмөлөр дезинфекция болду.

Өкмөт намаз учурунда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо, беткап кийүү, кол алышып, кучакташып учурашпоо сыяктуу талаптарды коюуда.

Дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын ыйык жайы деп эсептелген Мекке азырынча эл үчүн ачыла элек.

Сауд Арабиясындагы Мекке менен Мединадан кийинки орунда турган Иерусалимдеги ал-Акса мечити да март айында жабылган бойдон эми ачылды. (RK)

XS
SM
MD
LG