Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Ооган өкмөтү 700дөн ашык талиб туткунун бошотту


Кабул жалпысынан 2700дей талиб туткунун эркиндикке чыгарды.
Кабул жалпысынан 2700дей талиб туткунун эркиндикке чыгарды.

Ооганстандын Коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавид Фейсал "Твиттердеги" баракчасына Парван, Пул-э-Чархи абактарында жана башка бир катар провинциялардын түрмөлөрүндө кармалып турган "Талибандын" 710 жоочусу бошотулганын жазды. Кабул ушул маалга карата жалпысынан 2700дөй туткунду эркиндикке чыгарганын билдирди.

"Талибан" куралдуу кыймылынын өкүлү Сухейил Шахин талиб жоочулары болсо Балх, Кундуз, Логар, Пактия, Хост жана Пактия провинцияларында өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнүн 73 кызматкерин бошотконун, баш-аягы 450 адамды азат кылганын билдирди.

«Талибан» кыймылы Орозо айтка карата 24-майдан тартып үч күн атышпай турганын күтүүсүз билдирген. Муну Ооганстандын президенти Ашраф Гани кубаттаган жана ошол маалда Кабул 1000 талиб туткунун бошоткон.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болуп келген. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп, бири-бирин айыпташкан.

Бир канча апта мурда Гани менен Абдулла өз ара саясий бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашкан.

XS
SM
MD
LG