Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Британияда Элдар Махмудовдун балдарынын кымбат мүлкү табылды


Азербайжанда Элдар Махмудов 2004-2015-жылдары улуттук коопсуздук министри болгон.
Азербайжанда Элдар Махмудов 2004-2015-жылдары улуттук коопсуздук министри болгон.

Иликтөөчү журналисттер Азербайжандын мурдагы улуттук коопсуздук министри Элдар Махмудовдун балдарынын Британияда бир топ кымбат баалуу үйлөрү бар экенин, алардын арасында Лондондо баасы 21 миллион долларды чапчыган турак жайдын ээси экенин аныктап чыгышты.

Былтыр Кайман аралдарындагы "Cayman National Bank" банкынын сайтына хакердик чабуул болуп, анын айынын кардарлардын жеке маалыматтары Интернетке жарыяланып кеткен. Анда Махмудовдордун наркы 111 миллион доллар деп бааланган бизнеси, мүлкү бар экенин ачыкка чыккан.

"OCCRP" (Organized Crime and Corruption Reporting Project) "Transparency International" жана "Finance Uncovered" уюмдары биргелешип даярдаган иликтөөдө турак жайлардын баары экс-министрдин 36 жаштагы уулу Анарга жана 31 жаштагы кызы Наргизге тиешеси бар компаниялар аркылуу сатылып алынганы аныкталган. Ошондой эле Махмудовдордун Испанияда, Люксембургда жана Литвада да кыймылсыз мүлкү бар экени белгилүү болгон.

Ага-карындаштар ата-бабасы илгертен эле колунда бар адамдар болгонун айтып, өздөрү дагы мыкты ишкер экенин белгилешип, атасы мамлпекеттик жогорку кызматта турганда мыйзамсыз байыган деген дооматтарды жокко чыгарып жатышат.

2018-жылы Анар Махмудовдун Лондондо жашаган кайненеси, Азербайжандагы Эл аралык банктын мурдагы башчысынын аялы Замира Хажиева кымбат зер буюмдар, атырлар сатылганган "Harrods" дүкөнүндө 10 жылдын ичинде 21 миллион доллар короткону белгилүү болгон. Ошол жылы Британияда күмөндүү байлык кайдан келгенин, шектүү турак жай кайсы акчага сатылып алынганын териштирүүгө жол ачкан жаңы мыйзам иштей баштаган жана ал эң алгачкы жолу Замира Хажиевага колдонулган. Хажиева ушул жылдын башында буга мүлкүнүн таржымалын тактаган кылмыш ишинде акыркы соттук инстанцияда утулуп калган.

Президент Илхам Алиев 2004-жылдын бери улуттук коопсуздук министри болуп иштеп жүргөн, ошол убактагы эң кубаттуу жана таасирлүү өкмөт мүчөсүнүн бири болгон Элдар Махмудовду 2015-жылы кызматтан алган жана анын себеби ачык айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG