Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

«Балдар дүйнөсүнө саякат» майрамдык иш-чарасы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

«Онлайн университет» платформасы бүгүн 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Балдар дүйнөсүнө саякат» аттуу майрамдык программа уюштурат. Университеттин Балдар жана ата-эне лабораториясы өткөрө турган иш-чарасынын алкагында балдар адабияты боюнча адис, изилдөөчү Жыргал Сокурова Кыргызстандагы балдар адабияты тууралуу маалымат берет. Классик акындардын ырлары окулат.

Мындан тышкары, иш-чарада акындар Ысмайыл Кадыров, Аида Эгембердиева, Гүлзада Станалиева, Айсулуу Көкөева балдарга арналган ырларын, кыска аңгемелерин окуп беришет.

Онлайн форматта өткөрүлө турган бул программага Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жашаган балдар да катышып, кыргыз, орус, немис жана италия тилдеринде ыр окуп, обондуу ырларды да аткарып беришет.

«Онлайн университеттин» Балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыш, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбиялоо маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG