Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

«Мен кыйноого каршымын» деп аталган өнөктүк башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Мен кыйноого каршымын» деп аталган өнөктүк 26-июнда белгиленүүчү Кыйноо курмандыктарын колдоо боюнча эл аралык күндү утурлай, 1-июндан тартып башталууда. Бүгүндөн тартып өлкөдөгү кыйноого каршы коалициянын курамындагы 13 уюм бир катар иш-чараларды өткөрөт.

Өнөктүктүн иши тууралуу коалиция тараткан маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда кыйноо жаза өтөөчү мекемелерде, интернаттарда, карылар үйлөрүндө дагы эле уланып келатат. Анда: «Кыргызстандагы жабык жайлардын 90% күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кыйноо колдонушат. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы тогуз айда кыйноого кабылган 186 адам кайрылган. Бул жалпы кыйноого кабылгандардын бир эле бөлүгү, көпчүлүк адилет тергөөгө ишенбегендиктен, көзөмөл органдарына кайрылгысы келбейт» деп жазылган.

«Кыйноого каршы коалиция» укук коргоо тармагы 2011-жылы түзүлгөн. Курамында 13 укук коргоочу уюм бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG