Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:44

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал тынч


Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.

Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматына караганда, түн тынч өттү. Кырдаалга милиция көз салууда. Түн жарымга жакын чек арага чогулган эл тараган.

31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп, сөз талашкандан чыккан.

Өзбекстандын Чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, «кырдаал толук көзөмөлдө» деп маалымдады. «Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын ортосунда чыр чыкты. Бул кырдаалды чечиш үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат» деп жазылган билдирүүдө.

Чатактан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолуккан. Сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбай Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, ал эми Өзбекстан тараптан Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев менен Сох районунун акими катышкан.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, сүйлөшүүдө тараптар аймакта кырдаалды чогуу жөнгө салууну чечишкен.

Жаңжалдан Кыргызстан тараптан 15 адам түрдүү жаракат алып, дарыгерлерге кайрылганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Ага ылайык, төрт адам ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор.

Өзбекстан тараптан да жаракат алгандар бар экени айтылууда. Сохтук тургун «Озодлик» радиосуна 16 адам түрдүү жаракат алганын кабарлаган, расмий маалымат айтыла элек. (ZKo/JsA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG