Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Лондондогу нааразылык акциясында 23 адам кармалды


АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы нааразылык акциясы. 26-май, 2020-жыл.
АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы нааразылык акциясы. 26-май, 2020-жыл.

Нааразылык акциясы 31-майда АКШдагы афроамерикалыктын өлүмүнө байланыштуу өттү. Лондон полициясынын маалыматына караганда, кармалгандар түрдүү негиздер менен айыпталууда.

Мурдараак Скотленд-Ярддын басма сөз кызматы Лондондо полиция беш адамды кармаганын жазган.

Жекшембиде миңге чукул киши Лондондо АКШда кара түстөгү адамдарга полициянын мамилесине нааразылыгын билдирип чыккан. Би-Би-Си маалымдагандай, карантинге карабай адамдар Трафальгар аянтына жана АКШ элчилигинин алдына чогулуп, расалык теңсиздикти токтотууну талап кылышкан.

25-майда АКШнын Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү Америкада дээрлик бир жумадан бери нааразылык акцияларына себепкер болду. Бир нече штаттарда жана шаарларда тынч демонстрациялар башаламандыкка айланды. Айрым штаттарда коменданттык саат жарыяланды.

XS
SM
MD
LG