Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

1-июнда Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн саммити өтөт


Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан балдарынын алгачкы онлайн саммити өтөт. Иш-чарага вице-премьер-министр Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана башка расмий адамдар катышат.

Биринчи онлайн саммитте балдар жана өспүрүмдөр балдарга карата зомбулукка көз карашы жана өздөрүн кабатыр кылган маселелерди чечүү тууралуу ойлору менен бөлүшөт. Алар түрдүү түзүмдөрдөгү расмий адамдардын катышуусунда өз көйгөйлөрүн талкуулашмакчы. Саммитке өлкөнүн ар кайсы аймагынан 50 бала катышат.

Аягында зомбулукту токтотуу боюнча балдардын кайрылуусу кабыл алынат. Кайрылуу Тумар Манифести менен бирге маалымат каражаттарына таратылат. Манифестке бакубат ата-энелер тажрыйбасын илгерилетүү жана балдарга күч колдонууга тыюу салууну колдоо үчүн 10 миңден ашуун адам кол койгон.

Онлайн саммит Коомдук телерадио корпорациясынан, ЭлТР телеканалынан жана башка мамлекеттик, коомдук телеканалдардан көрсөтүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG