Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Коомдук-саясий ишмерлер Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууну президенттен суранышты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү президент Сооронбай Жээнбековдон суранган бул кайрылуу коомдук-саясий жана маданий чөйрөнүн 40тай өкүлүнүн атынан жазылган. Кайрылууда саясатчыга коюлуп жаткан айыптар негизсиз экени белгиленген.

«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө жана видеоматериалдарда анын күнөөсүздүгү далилденди. Тескерисинче ал жаалданган адамдарды мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырып, милиция кызматкерлерин коргоп, тараптарды чатакты тынч жол менен чечүүгө үндөгөн. Равшан Жээнбековдун аракети менен Атамбаевдин тарапкерлеринин колуна түшүп калган күч кызматкерлеринин өмүрү сакталып калганы фото жана видеоматериалдарда көрүнүп турат», деп айтылат анда.

Кайрылуу ээлери ошондой эле Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясынан кийин бир нече жолу чет өлкөгө чыгып, кайра мекенине кайтып келгени, камалганга чейин да тергөөгө байланышкан сурактардын баарына өз убагында барып, көрсөтмө берип турганы белгиленген. Ушул өңдүү негиздерге таянган кайрылуу ээлери аны үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү президент Жээнбековдон өтүнүшкөн.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG