Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 05:31

Бишкекке Новосибирскиден кыргызстандыктар жеткирилди


Кыргызстандык жарандарды Орусиядан алып келген учак. «Манас» аэропорту. 17-май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Новосибирск-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 31-май күнү 177 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учуп келгендердин басымдуу бөлүгү кош бойлуу, балалуу келиндер, улгайган жана оорукчан адамдар. Учакка салынуучу адамдардын тизмеси Сибирь аймагындагы кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн катышуусу менен кайрылгандардын өтүнүчүнө ылайык түзүлгөн.

Учуп келгендер медициналык алгоритмге ылайык, тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүш үчүн обсервацияга алынды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу аракети өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана кызматташтыгы менен жүрүп жатат.

Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден он миңден ашуун адам жеткирилген. Учурда дагы 50дөн ашык мамлекетте мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандыктар бар экени кабарланган.

31-майга карата Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 1748 адамга жетти. Алардын 344ү медкызматкерлер. 1170 адам айыкты. 16 адам каза болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG