Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Казакстанда акыркы суткада 450 адамдан коронавирус табылды


Нур-Султан шаарына кире бериштеги блокпост. 5-май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Нур-Султан шаарына кире бериштеги блокпост. 5-май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 1-июнга карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 450 адамдан коронавирус табылды. Бул мурунку күнгө салыштырмалуу 26 адамга аз. 184 адам оорудан айыкты.

Жалпы өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 11 308 адамга жетти. Оорудан айыккандардын саны - 5404 адам. Акыркы суткада үч киши коронавирус жуккандан кийин көз жумган. Жалпы илдеттен көз жумгандардын саны - 41 киши.

29-май күнү саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавирустун жайылышы басаңдап, кырдаал жөнгө салынып калганын кабарлаган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Казакстанда 15-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. 11-майдан тартып режим токтотулган. Бирок айрым аймактарда карантин уланууда.

1-июндан тартып Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы блокпосттор алынды. Бүгүнтөн тартып базарлар ишке кирип, бала бакчалар балдарды кабыл алууга киришти. Коомдук мончолор менен SPA салондордун ишине уруксат берилди. Ишин жанданткан ишкана-мекемелердин баарына санитардык эрежелерди так аткаруу жөнүндө талап коюлууда.

XS
SM
MD
LG