Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Кремль 24-июнга чейин карантин чаралары токтойт деген үмүттө


Владимир Путин Жеңиш күнүнө карата аскердик парадда. Москва. 9-май, 2020-жыл.
Владимир Путин Жеңиш күнүнө карата аскердик парадда. Москва. 9-май, 2020-жыл.

24-июнь, Кызыл аянтта Жеңиш парадын өткөрүү болжонгон күнгө чейин Орусияда коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чараларынан эч нерсе калбай турганын президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал бул тууралуу «Россия-1» телеканалындагы маегинде айтты.

Анын айтымында, акыркы айларда Ново-Огарёводогу резиденциясынан чыкпай аткан президент Путин парадга Кызыл аянтта башка чет элдик коноктор менен кошо көз салат. Дмитрий Песков бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча добуш берүү күнү качан болорун айткан жок. Айрым маалымат каражаттары Конституцияны өзгөртүү боюнча добуш берүү июль айынын башында болорун жазышкан. Песковдун айтымында, референдумду өткөрүү күнүн "президент Путин керек болгон күнү чечип, дайындайт".

Азырынча 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышарын Казакстандын, Кыргызстандын, Молдавиянын жана Сербиянын мамлекет башчылары маалымдашкан.

Быйыл Ата Мекендик согуштагы жеңишке 75 жыл толду. Буга байланыштуу 9-майда Москвада чет элдик коноктордун катышуусунда ири Жеңиш парады өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу парад жылдырылган.

Коронавируска байланыштуу карантин чаралары Орусияда марттын аягынан тартып киргизилген. Май айынын ортосунан тартып, карантин шарттары жеңилдетиле баштаган.

XS
SM
MD
LG