Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жарандар митингге чыгышты.
«Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, чогулгандар «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!» деп кыйкырып турушат.
Митингдин катышуучусу, «Мээр жазы» фондунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова: «Атамбаев бийликте турган кезде жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек», - деп айтты.
Соттун алдына Атамбаевди колдогондор да келишти. Алар «Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын күнөөсү жок, алар акталсын» деген талап коюшту. Парламент депутаты Ирина Карамушкина «Атамбаевге каршы митингдин артында бийлик турат» деген пикирин билдирди.
Соттун имаратынын алдына милициянын кошумча күчтөрү келди.
Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантууда.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында оор кылмыштар үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. (TSh/NT)