Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Кадырбек Атамбаев: сотко келүүнү каалагандарга тоскоолдук болду (видео)


Раиса Атамбаева Биринчи май райондук сотунун алдында. 1-июнь, 2020-жыл.
Раиса Атамбаева Биринчи май райондук сотунун алдында. 1-июнь, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо акциясына анын жубайы Раиса Атамбаева, балдары Кадырбек жана Сейитбек Атамбаев келип кошулду.

Мурдагы президентти колдогондор КСДПнын желегин көтөрүп турушат жана Атамбаевди камактан бошотууну, ачык соттун болушун талап кылышууда.

Кадырбек Атамбаев күч түзүмдөрү акцияга келүүнү каалагандарга жолтоо болгонун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин автоунаалары аркылуу үйдө отурууга чакырыктар айтылганын журналисттерге билдирди. Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева акцияда «Азыркы бийликке - уят! Атамбаевге - боштондук! Сооронбай Жээнбеков камалсын!» деген чакырык таштады.

Ал эми Атамбаевге каршылар мурдагы президенттин жана анын командасынын жоопко тартылышын талап кылып, «Атамбаев бийликте турган кезде жасаган кылмыштарга жооп берсин!» деген чакырышты.

Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча ишти 1-июнда карамак.

Бул күнү сот алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондордун жана каршы болгондордун нааразылык акциясы өттү. Жанаша өткөн эки акцияга милиция көз болуп турду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында камакка алынып, оор кылмыштар үчүн айыпталууда. (TSh/NT)

Атамбаевди жактаган жана жектеген митингдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

XS
SM
MD
LG