Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Алмазбек Атамбаевдин сотко катышуусуна тыюу салынды


1-июнь, 2020-жыл. Бишкек.
1-июнь, 2020-жыл. Бишкек.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту 1-июндагы отурумунда сот залынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди чыгарды. Судья Марат Сыдыковдун чечимине ылайык Атамбаев эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин сот отурумдарына катышпайт.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаревдун айтканына караганда, мындай чечимдин кабыл алынышына адвокаттардын сот отурумунун учурунда Атамбаевди сот залындагы тосулган жерде отургузууга каршылыгы негиз болду.

Жактоочу мурдагы президент башка иштер боюнча айыпталып жаткандыктан, аны Кой-Таш иши боюнча тосмонун ичинде отургузууга да, сотко катыштырбай коюуга да негиз жок болчу деп эсептейт.

11-майдагы жараянда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар тосмонун ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Ага чейин Атамбаев ачык жерде, адвокаттардын жанында отурчу.​

Буга чейин Атамбаев сотко катышуудан өзү баш тарткан учурлар белгилүү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августтагы Кой-Таш операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Кылмыш кодексинин “Адам өлтүрүү”, "Адамдын өмүрүнө кол салуу”, “Барымтага алуу”, “Массалык баш аламандык” ,Бейбаштык”, “Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук ” өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Айып тагылган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин иши февралда сотко өтүп, Ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаев ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай айыптоолорду бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG