Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Британиялык экс-министрлер Гонконгдогу абалды көзөмөлдөөгө чакырышты


Гонконгдогу нааразылык акциясы. 24-май, 2020-жыл.
Гонконгдогу нааразылык акциясы. 24-май, 2020-жыл.

Британиянын мурдагы тышкы иштер министрлеринин тобу премьер-министр Борис Жонсонду Гонконгдогу абалды көзөмөлдөө боюнча эл аралык топ түзүүгө чакырды.

Бээжин автономиянын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, шаардын улуттук коопсуздук мыйзамын кабыл алганы Батыштын кабатырлыгын күчөттү. Кытай ал мыйзам «терроризмге жана сепаратизмге каршы күрөш үчүн зарыл» деп билдирүүдө. Мыйзам долбоору өткөн аптада шаарда нааразылык акцияларынын башталышына алып келген.

Гонконгдун тургундары, ишкерлер жана бир катар өлкөлөр эми Бээжиндин көз карашына макул эместерди куугунтуктоо күч алып, Азиянын финансылык борборуна айланган шаардын өзгөчө статусу кагаз жүзүндө калат деп чочулашат.

Британиянын колониясы болуп келген аймак 1997-жылы Кытайдын карамагына өтүп, «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарылары макулдашылган. Британия, Австралия, АКШ жана Канада Бээжиндин соңку планын сындаган бирдиктүү билдирүү жасашты. Бирок британиялык мурдагы жети министр премьер Жонсонду жандуураак роль ойноого үндөдү.

XS
SM
MD
LG