Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Кыргызстанда үч айда 32 бала өз жанын кыйды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы үч айында 32 бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде маалымат берип жатып эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, 32 өлүмдүн 13ү коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин маалында катталды.

Парламенттик комитетте бүгүн Балдар жөнүндө кодекстин жаңы долбоору талкууланып жатат.

Депутат Наталья Никитенко талкуу учурунда 2015-жылы кабыл алынган бул кодексти өзгөртүп, балдарды коргоо боюнча ишти күчөтүү зарыл экенин айтты.

2019-жылы Кыргызстанда 46 өспүрүм жанын кыйганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG