Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Орусияда кыргызстандык мигранттын өлүмү боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда курулушта бир кыргызстандык каза болгонуна жана экинчиси жараат алганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат 1-июнда Орусиянын Тергөө комитетинин Камчатка аймагы боюнча башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, кырсык 25-майда Петропавловск-Камчатский шаарында болгон. Көп кабат үйдүн чатырын оңдоого эки кыргыз жараны тартылган. Иш учурунда алар чатырдан кулап кетишкен.

Укук тартибин коргоо органдары алар менен эмгек келишими түзүлбөгөнүн, коопсуздук чаралары сакталбагандыктан кырсык болгонун билдирди.

Орусияда, расмий маалыматка караганда, 750 миңдей эмгек мигранты бар. 2019-жылы бул өлкөдөн 261 “Жүк-200” келген. (RK)

XS
SM
MD
LG