Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Армениянын өкмөт башчысы коронавирус жугузуп алды


Никол Пашинян. Ереван, 1-июнь, 2020-жыл.
Никол Пашинян. Ереван, 1-июнь, 2020-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсү коронавирус инфекциясын жугузуп алды. Бул тууралуу Пашинян 1-июнда «Фейсбуктагы» түз эфир маалында айтты. Ал өкмөттүн ишин алыстан жетектеп турарын билдирди.

Пашинян аскерлер менен жолугушуп келгенден кийин тест тапшырганын, анын жыйынтыгы 31-майда белгилүү болгонун, азыр өзүндө жана үй-бүлө мүчөлөрүндө илдеттин симптомдору жок экенин белгиледи.

Арменияда COVID-19га кабылгандар 9 400 кишиден ашты. 139 бейтап каза болду.

Өлкөдө 16-марта киргизилген өзгөчө абал 13-июнга чейин узартылган. 18-майда өлкөдө коомдук транспорт иштей баштаган. Бирок жүргүнчүлөр милдеттүү түрдө беткап тагынып, мээлей кийиши керек. Соода борборлору, коомдук тамактануу жайлары да ачылды.

XS
SM
MD
LG