Тажикстанда 31-майда COVID-19га чалдыккандар дагы 123 кишиге көбөйүп, жалпы саны 3 930га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 47 киши оорудан көз жумганын, 2004 киши айыгып чыкканын маалымдады.
Бирок расмий статистикага ишенбегендер өлкөдө көп. Kvtj.info сайтынын маалыматына ылайык, 29-майга чейин коронавирустун кесепетинен жана пневмониядан 360 киши өлдү. Тизме маалымат каражаттарындагы, социалдык сайттардагы кабарларга жана маркумдардын жакындарынын жазгандарына таянып түзүлгөн. Бийлик ал маалыматтарды «жалган» деп жатат.
Саламаттык сактоо министрлиги бийлик вирустун андан ары жайылышын жана бейтаптарды дарылоого колдон келишинче аракет кылып жатканын билдирди.