HRW - «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму түркмөн бийлигин кумса болгондугу үчүн эки жылга түрмөгө кесилген белгилүү артистти бошотууга, айыптарды алууга үндөдү.
Апрелде көз каранды эмес маалымат каражаттары Ашхабаддагы бир нече булакка таянып аты аталбаган актёр, шоумен, анын эркек түгөйү жана он чакты киши кармалганын жазышкан.
Маалыматтарда айрымдары пара бергенден кийин бошотулганы айтылган.
«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын баш калаадагы маалымат булагы чындап эле ал киши камакта экенин бышыктады. Бирок бийликтен түшүндүрмө алуу мүмкүн болгон эмес.
Түркмөн Кылмыш кодексинде гомосексуалдык катнаш үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Былтыр жаш дарыгер Касымберди Гараев «Азаттыктын» кабарчыларына кумса экенин, кандай проблемаларга туш болуп жатканын айтып бергенден кийин өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү катуу кысымга туш болушкан.
2017-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча Комитети бир жыныстагы адамдардын өз ыктыяры менен жыныстык мамиле курууну кылмышка теңөөнү сындап, түркмөн бийлигин ал беренени алып салууга чакырган.