Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Лукашенко: Эч кандай «Майдан» болбойт


Оппозицияны колдоо акциясы. Минск, 31-май, 2020-жыл.
Оппозицияны колдоо акциясы. Минск, 31-май, 2020-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко «өлкөдө эч кандай «Майданга» жол берилбейт» деп ачык эскертти. Анын алдында Минск жана башка шаарларда президенттик шайлоого катышкысы келген оппозиция өкүлдөрүн колдогон жүрүштөр өткөн.

Украин баш калаасы Киевде 2014-жылы ошол кездеги президент Виктор Януковичке каршы акциялар Эгемендик аянтында же украинче «Майдан Незалежностиде» уюштурулуп, «Майдан» деген сөз европачыл митингдердин символуна айланган.

Беларус лидери 1-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы менен жыйында көз каранды эмес же оппозициячыл саясатчыларга кол топтоо жүрүштөрү чет элдик күчтөр тарабынан уюштурулганын айтты жана демонстрацияларды «ар кайсы жактан беларус жерине урган желаргы» деп атады.

Лукашенко андай акциялар өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирерин, аларды «армия, КГБ жана бардык эл тарабынан коргош» керек экенин кошумчалады.

Өткөн айда HRW эл аралык укук коргоо уюму 9-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында Минск митингчилерди, оппозициялык блогерлерди, журналисттерди, өкмөттү сындагандарды куугунтуктоону күчөткөнүн сындаган.

24-майда бир миңдей киши өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Лукашенконун дагы бир президенттик мөөнөтүнө каршы чыгышкан. Беларуста президенттик мөөнөттү чектеген жобо 2004-жылы алынып салынган.

XS
SM
MD
LG