Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Канттагы база боюнча макулдашууну өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште каралат


Канттагы авиабаза.
Канттагы авиабаза.

Орусиянын Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына талкууга чыгарылганы жатат.

Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору 4-июнда биринчи окууда каралат. Демилгечиси – кыргыз өкмөтү.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, азыркы учурда «Кант» аэродромунун учуп-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн толук алмаштыруу жана айрым конструкциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болууда жана бул иш кыйла капиталдык салымды талап кылат.

Ошондой эле негиздемеде «жасалма төшөлмөнү Орусия тарап өз эсебинен реконструкциялай турган болсо менчик укугу Орусия тарапка өтөт. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, ажырагыс жакшыртууга менчик укугу өткөрүлүп берилбесе акча да бөлүнбөйт. Ошондуктан Кыргызстандын Башкы штабы макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин ал объектилерди кыргыз тарапка кайтарып берүү жагын иштеп чыкты. Мындан тышкары, учуп-конуу тилкесинин объектилери чогуу пайдаланылуучу объектилердин тизмесине киргизилүүдө» деп жазылды.

Макулдашуунун өзүнө 2012-жылы 20-сентябрда, ал эми аны өзгөртүү тууралуу протоколго 2019-жылы март айында кол коюлган. Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган. 2012-жылдагы макулдашууга ылайык, Орусия бирдиктүү базага караштуу жерди пайдаланганы үчүн Кыргызстанга жылына төрт миллион 794 миң доллар төлөй турган болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG