Бул туурасында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 1-июнда Чечме айылынын тургундарына билдирди.
Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуудан кийин жергиликтүү тургундар менен жолугуп, аларга сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди:
«Булактын айланасындагы чек араны биз чечкен жокпуз. Аны эки өлкөнүн чек араларды аныктап, тактоочу комиссиялары чогуу отуруп, иштеп чечет. Чек аранын башка жагындагы 85% чечкен комиссия бул жерди да карайт. Аларга Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен чечкиле деген тапшырма берилген», - деди Кубатбек Боронов.
31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыккан жаңжалдан улам, 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашкан. (ZKo)