Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Вашингтондун мэри демонстранттарга каршы күч колдонулганын сынга алды


Ак үйдүн алдындагы нааразылык акциясы машинелерди өрттөө менен коштолгон. Вашингтон. 31-май, 2020-жыл.
Ак үйдүн алдындагы нааразылык акциясы машинелерди өрттөө менен коштолгон. Вашингтон. 31-май, 2020-жыл.

Вашингтондун мэри Мүриэл Баузер демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын сынга алды. Ал «Твиттердеги» баракчасына:

«Коменданттык саатты саат 19дан тартып киргизгенбиз. Коменданттык саатка 25 мүнөт калганда федералдык полиция Ак үйдүн алдындагы тынч демонстранттарга күч колдоно баштады. Бул Вашингтон полициясынын ишин ансайын кыйындатты. Бул осол иш!», деп жазды.

Мэр вашингтондуктарды үй-жайына тароого жана «коопсуз жерде калууга» чакырды.

1-июнда президент Трамп Ак үйдөгү Пушту бакта журналисттер менен сүйлөшүп жаткан учурда полиция Лафайет аянтына чогулган адамдарга көздөн жаш агыза турган газ атканын маалымат каражаттары жазышкан. «Washington Post» басылмасы жаз агыза турган газ менен кошо демонстранттарды кууп таратыш үчүн желим октор да пайдаланганын маалымдады.

Бир жума мурун Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында афроамерикалык жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза болгондон бери толкундоолор өлкөнүн башка аймактарына да жайылды. Полиция жаш агызчу газ жана кулак тундурган граната колдонгону кабарланды.

Бир катар шаарларда коменданттык саат киргизилди. Миннесотанын губернатору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу Улуттук гвардиянын толук мобилизациясын жарыялады. Айрым жерлерде нааразылык акциялары талап-тоноо, зомбулук менен коштолду.

XS
SM
MD
LG