Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Шайлоо күрөөсүн бир миллион сомго түшүрүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-июнда «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады.

Жыйында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүүнү сунуш кылды. Муну ал саясий партиялардын чыгымдарын азайтуу ниети менен негиздеди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев күрөөнү 10 миллион сомго чейин жогорулатууну сунуш кылды. 14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн. Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да камтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG