Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Мадуро Иранга барарын билдирди


Николас Мадуро, Каракас. 1-июнь, 2020-жыл.
Николас Мадуро, Каракас. 1-июнь, 2020-жыл.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро жакын арада Иранга барып, энергетика жана башка тармактарда келишимдерге кол коёрун билдирди. 1-июнда мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөгөн президент күйүүчү май менен камсыз кылганы үчүн «Иран элине рахмат айтуу парзы» экенин белгиледи. Бирок сапар качан болорун тактаган жок.

Анын алдында Ирандын тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү керек болсо, Тегеран дагы бир нече танкер жөнөтүүгө даяр экенин айткан.

Вашингтон санкциялар салынган ал эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташууга жол бербөөгө аракет кылган.

Иран буга чейин Венесуэлага беш кеме менен кара май жөнөткөн. Бир кездери Латын Америкасындагы эң ири мунай өндүрүүчү мамлекет экономикалык кризиске учурап, бензиндин тартыштыгынан жапа чегип келатат.

Вашингтон өкмөттөргө, портторго, жүк ташуучуларга жана камсыздандыруучу фирмаларга алар танкерлерге жардам беришсе, чара көрүлөрүн эскерткен.

"Refinitiv Eikon" аналитикалык компаниясынын маалыматына караганда, эки танкер жүктү Венесуэланын портуна калтырып, артка жол тартты. Дагы экөө өлкөнүн жээгине жакындады.

Тегеран менен Вашингтондун мамилелери 2018-жылы президент Доналд Трамп эл аралык өзөктүк келишимден чыгып, экономикалык санкциялар калыбына келтириле баштаганда ого бетер начарлаган.

XS
SM
MD
LG