Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Парламент комитети шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-июнда «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алды.

Анда парламенттик шайлоонун босогосун тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү сунушу камтылган. Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго азайтуу жөнүндө сунуш да бар.

14-майда мыйзам долбоору комитетте, андан кийин сессияда биринчи окуудан өткөн. Эми жалпы жыйынга экинчи окууга киргизилиши керек.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. (NT)

XS
SM
MD
LG