Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

3-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек.
Бишкек.

3-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30…35;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG