Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

COVID-19: Дүйнөдө көз жумгандар 375 миң адамдан ашты


Еревандагы дарыгер. 1-июнь, 2020-жыл.
Еревандагы дарыгер. 1-июнь, 2020-жыл.

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 375 миң кишиден ашты. Кээ бир жерлерде илдет күч алып жатса, башка аймактарда кадимки турмушка кайтуу аракети болуп жатат.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн кийинки жумада калган чектөөлөр алынарын айтты. Бирок чек аралар азырынча ачылбайт.

Өлкөдө 11 күндөн бери жаңы инфекциялангандар каттала элек.

Пакистанда вирус жугузгандар көбөйгөнү менен премьер-министр Имран Хандын өкмөтү чектөөлөр аягына чыгып жатканын билдирди. Ал арада экинчи чоң шаарда – Лахордо инфекциялангандар 670 800дүн айланасында болушу мүмкүн деген маалымат гезиттерге чыгып кетти. Бул тууралуу «Dawn» деген жергиликтүү басылма жазды. Калаада 11 миллиондон көп киши жашайт.

Ал эми расмий статистикага ылайык, Пакистанда COVID-19га чалдыккандардын саны 76 миңден ашат, 1 543 киши көз жумду.
Пандемиянын очогуна айланган Бразилияда коронавирус 526 миң кишиден табылды.

XS
SM
MD
LG