Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Сейтек Атамбаев: Атамдын катасы журналисттерге асылганы болду


Сейтек Атамбаев.
Сейтек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортончу уулу Сейтек Атамбаев атасы журналисттерди сотко бергени туура эмес болгон деп эсептейт. Мындай пикирин ал журналист Майраш Базлакунова менен видео маегинде билдирди. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, тилге сак болуш керек экенин белгиледи:

«Эмне сүйлөш керек экенин билип, токтоо болуш керек экен. Бирөө бирдеме деп койсо ошого асылып эле... Атамдын катасы ошол болду. Канча журналистке Башкы прокуратура менен жөн эле айып салды. «Кактус медиа», Чолпон Жакупова... Аял кишиге теңелбей эле койсо деген ойдомун. Элдин оозунда элек жок. Ар бирине эле ошентип көңүл буруп, таарынып, сотко берип... Жеке оюмда, бул туура эмес».

Сейтек Атамбаев ошондой эле атасынын убагында куугунтукталгандар унчукпай бийик адамгерчилигин көрсөтүп, жагынгандар, тескерисинче, жамандап жүрүшкөнүн белгилеген.

«Датка-Кемин» курулушун атасы президент кезинде жасаган жакшы иши деп санаган.

Сейтек Атамбаев эч кандай партияга, анын ичинде КСДПга да мүчө эмес экенин, буга сыймыктанарын, саясатка баруу боюнча ою эки ача экенин билдирген.

2017-жылы Атамбаев президент болуп турганда анын ар-намысын коргоо тууралуу башкы прокурордун арызынын негизинде сот «Zanoza.kg» сайтына жалпысынан 27 миллион сом, укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакуповага 3 миллион сом, «Ата Мекен» партиясынын юристтерине 10 миллион сом айып салган. «Азаттык-Медиа» мекемесине 20 миллион сом доо койгон. Атамбаев бул доолордун айрымдарынан президент болуп турган кезинде, айрымдарынан кызматтан кеткенден кийин баш тарткан жана өкүнүчүн билдирген.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды. Азыр Кой-Таш окуясына, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу оор кылмыштар үчүн айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG