Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Экспертиза: Флойд киши колдуу болуп өлгөн


Полиция кызматкерлери акциянын катышуучулары менен кошо тизелеп туруп, Флойдду эскеришти. Атланта, 1-июнь, 2020-жыл.
Полиция кызматкерлери акциянын катышуучулары менен кошо тизелеп туруп, Флойдду эскеришти. Атланта, 1-июнь, 2020-жыл.

АКШда полиция кармап жатканда каза болгон Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда маркум асфиксиядан (аба жетпей) мерт болгону, анын өлүмү зомбулуктун кесепети катары каралышы керек экендиги жазылган.

Флойддун үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен жүргүзүлгөн көз каранды эмес экспертиза да ушундай эле тыянак чыгарган.

Патологоанатом Майкл Бейден Флойдду муунтуп жатканда күрөө тамыры кысылып, белине күч келип, аба жетпей, мээсине кан жүгүрбөй калып өлгөнүн айтты.

Окуя 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында болгон. Жасалма акча менен соода кылат деп шек саналган 46 жаштагы Флойдду кармоо учурунда полиция кызматкери аны тизеси менен мойнунан басып, «дем ала албай атам» деп суранганына карабай, коё бербей койгон. Кийин ал ооруканада көз жумду. Төрт полиция кызматкери жумуштан алынган, кийинчерек Флойдду тизеси менен муунткан кызматкер камалган.

Ынды кара Флойддун өлүмү АКШда ири нааразылык акцияларына себеп болуп, алар азыркыга чейин уланып келатат. Айрым жердерде акциялар тоз-тополоң, талап-тоноо менен коштолгон. Президент Дональд Трамп башаламандыкты токтотуш үчүн армияны колдонорун 1-июнда эскертти.

XS
SM
MD
LG