Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Орусияда тажикстандык киши коронавирус жөнүндө калп маалымат таратканы үчүн кармалды


Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жашаган тажикстандык блогер Фахриддин Мирзомуратов коронавирус тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн кармалды.

Тергөөнүн версиясына караганда, 40 жаштагы Мирзомуратов «Instagram» аркылуу тараткан видео кайрылуусунда борбор азиялыктарды коронавируска каршы эмделбөөгө, COVID-19га анализ тапшырбоого жана оорунун белгилери пайда болгондо «Тез жардам» чакырбоого үндөгөн. «Болбосо иштен чыгарып салышат», - дейт ал видеодо. Мыйзамга ылайык, бул үчүн Мирзомуратов үч жылга кесилиши же 700 миң рубль айыпка жыгылышы ыктымал.

Орусияда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандарга айып март айында эле салына баштаган. Ошондо эле Жазык кодексине тиешелүү берене да киргизилген.

XS
SM
MD
LG